Жоомарт Оторбаев Орусиянын Федералдык бажы кызматынын башчысы менен мындан аркы кызматташууну талкуулады

Кыргызстандын премьер-министри Жоомарт Оторбаев 6-февралда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышуу алкагында Орусиянын Федералдык бажы кызматынын төрагасы Андрей Бельянинов менен жолугушту. Оторбаев Кыргызстан кыргыз-орусиялык стратегиялык шериктештигинин бекемделишине жана аны күчтөндүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи жана кыргыз-орусиялык өкмөттөр аралык комиссиянын активдүү ишине канааттанарын билдирди. Бардык жетишилген макулдашууларды толугу менен ишке ашыруу керектигин айтты.

Жолугушууда тараптар Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү, соода-экономикалык кызматташуу, гуманитардык байланыштар, отун-энергетикалык тармактагы кызматташуу маселелерин талкуулады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан