“Инвестициялар жөнүндө” мыйзамга толуктоолор киргизилди

“Инвестициялар жөнүндө” мыйзамга толуктоолор киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, тиешелүү мыйзамга өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кол койгон. Ал эми мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 31-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамда «инвестициялык макулдашуу» жана «инвестициялык долбоор» өңдүү түшүнүктөр киргизилет.

Эгерде инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун демилгечиси инвестор болсо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө экономиканын артыкчылыктуу тармактарындагы жана социалдык чөйрөдөгү мамлекеттик өнүктүрүү программаларына ылайык инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн макулдашууну түзүүгө укук берилет.

Эгерде инвестициялык долбоорго инвестор тарабынан ишке ашырылчу инвестициялардын суммасы 50 миллион доллардан кем эмес болсо, инвестор жалпы таанылган эл аралык иштиктүү беделге, иш-аракеттин окшош чөйрөсүндө долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруунун уникалдуу билимдерине жана тажрыйбасына ээ болгон шартта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен инвестордун ортосунда тикелей сүйлөшүүлөр жолу менен инвестициялык макулдашуу түзүлүшү мүмкүн.

Ошол эле учурда:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана инвестордун ортосунда түзүлгөн инвестициялык макулдашуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган жеңилдиктерди жана преференцияларды бере албайт;

- киргизилген толуктоолор эл аралык келишимдерди түзүүдө колдонулбайт.

Жаңы толуктоолор Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун арттырууга мүмкүнчүлүк берет деп күтүлүүдө.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан