Президент Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Орусияга учуп кетти

Президент Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Орусияга учуп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда КРнын Президентинин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, иш сапардын алкагында президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугат. Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-орусиялык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланып, түрдүү тармактардагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү каралмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан