Бүгүн, 7-февралда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин катышуусунда КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин жыл жыйынтыгын чыгарууга багытталган жыйыны болуп өттү. Т.Сарпашев жыйындын жүрүшүндө 2014-жылы мал чарбачылыкты эске албаганда, айыл чарба тармагында өсүш болбогонун белгиледи. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан кабарлашты.
"Министрлик, тилекке каршы, милдеттерин так аткара алган жок. 100дөн ашуун нормативдик-укуктук актылар ушул күнгө чейин күчүнө кире элек. Айрым иштер баштала элек. Тамчылатып сугаруу жана күнөскана чарбасын өнүктүрүү боюнча жарым жыл мурун айтылган дирекция түзүлө элек. Өткөн жылы Суу чарба жана мелиорация департаменти суу ресурстарын жөнгө салуу маселеси боюнча иш алып барган жок. Мунун кесепетинен Чүй облусунда сугат суунун тартыштыгы жаралып, дыйкандар кыйналышты",- деп кошумчалады биринчи вице-премьер-министр.