Тайырбек Сарпашев айыл чарба жана мелиорация министрине милдетин так аткарбаган жетекчилерди кызматтан алууну буйруду

Бүгүн, 7-февралда КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин жыйынында биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев министр Таалайбек Айдаралиевге өз милдеттерин так аткарбаган жетекчилерди кызматтан алуу буйругун берди. Өкмөт аппаратынан кабарлашкандай, Т.Сарпашев бул тармакта жетекчилер иштебей жатканын, мунун себебинен бир катар иштер аткарылбай калганын белгиледи. 

"Сиз бул кызматты бир жылдан бери аркалап келесиз, бирок жумушта эч кандай жылыш жок. Дыйкандардын маселелерин чечип бериш керек",- деп кошумчалады биринчи вице-премьер-министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан