Жоомарт Оторбаев Дүйнөлүк банктын аткаруучу директору менен жолугушту

Бүгүн, 7-февралда өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Дүйнөлүк банктын аткаруучу директору Йорг Фриден менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Жоомарт Оторбаев Дүйнөлүк банктын Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалынын жакшырышына кошкон салымы жана өлкөнүн энергетикалык тармагын реформалоого 24 миллион доллар бөлүү тууралуу чечими үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле эки тарап долбоорлорду ишке ашыруу боюнча да сүйлөшүүлөр жүрдү.

Жолугушуунун соңунда тараптар экономиканы өнүктүрүү жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жакшыртуу үчүн туруктуулукту сактоо зарылчылыгын белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан