Өкмөттүн түзүмүн жакшыртуу боюнча парламенттик коалициялык көпчүлүктүн
сунушу азыркы учурга керектүү. Мындай пикирин бүгүн, 8-февралда журналисттерге премьер-министр
Жоомарт Оторбаев айтты.
Анын айтымында, өкмөттүн
түзүмүн жакшыртуу - ар дайым аткарыла турчу жумуш.
"Биз бул багытта иштерди алып баруудабыз. Бизде мамлекеттик башкаруунун системин реформалоо жана ылайыкташтыруу
(оптимизациялоо) боюнча иштеп жаткан комиссия бар. Комиссия бир айда эң аз дегенде 2
жолу жыйын өткөрүп, өкмөттүн структурасын жакшыртуу маселесин талкуулап турат.
Ал эми парламенттин көпчүлүк коалициясынын сунушун азыркы учурга керектүү деп эсептейм. Бул сунушта абдан пайдалуу элементтер бар. Жакынкы арада
өкмөттүн түзүмүн ылайыкташтыруу маселесине мындан дагы көбүрөөк көңүл буруп,
талкууга алабыз",- деди Оторбаев.
Айта кетсек, Кыргызстанда өкмөттүн жаңы түзүмүнүн долбоору иштелип чыккан. Ага ылайык, учурдагы 15 министрликтин 9ун гана калтыруу сунушталууда.