Кыргызстан Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин 2014-жылдын 23-декабрында өткөн жыйынында кол коюлган келишимге байланыштуу эки маанилүү протоколду бекитиши керек. Бул тууралуу 8-февралда журналисттерге премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди.
Анын айтымында, аталган протоколдордо кошумча жоболор жана ЕАЭСке өтүү боюнча элементтер аныкталмакчы. "Биз бул документтерди өкмөт башчылардын деңгээлинде бекитүү боюнча бир топ ийгиликтерге жетиштик",- деди Оторбаев.