Бүгүн, 9-февралда парламенттин
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынында “Бишкек шаарындагы муниципалдык менчиктеги жерлерди жана жалпы пайдалануудагы жерлерди имарат жана турак жай куруу үчүн ижарага же жеке менчикке берүүгө мораторий киргизүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтом долбоору каралууда.Жыйында Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов учурда 249 көп кабаттуу үйдү мыйзамдаштыруу боюнча мэрия тарабынан иш жүргүзүлүп жатканын айтты. "Үй курула электе жер тилкесинин 40 пайызы үйдүн аймагы, ал эми калган 60 пайызы керектүү инфраструктурага бөлүнөт. Бул тууралуу мыйзам бар, бирок ал иштебей калган. Биз бул багытта иш жүргүзүп жатабыз",- деди мэр.
Комитет мүчөлөрү турак үйлөрдүн аймагында унаа токтотуучу жай жана балдар ойночу жай сөзсүз түрдө болушу керектигин айтышты.