Тайырбек Сарпашев өлкөдө Айыл чарба жана Маданият министрликтери сөзсүз болушу керек деп эсептейт

Бүгүн, 9-февралда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү демилгеси тууралуу пикирин айтты. "Мындай сунуш менен өкмөт эмес, парламенттин коалициялык көпчүлүгүнүн айрым депутаттары чыгышууда. Өкмөткө жаңы түзүмдүн долбоору түшө элек. Аны менен ММКлар аркылуу таанышкам. Башында аталган коалициялык көпчүлүктүн колдоосунан өтүшү керек. Бул демилге ишке ашарына толук ишенбейм. Парламенттик шайлоо өтүп, жаңы парламенттин түзүлүшү менен өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү туура деп ойлойм",- деди Сарпашев. 
Ал сунушталып жаткан долбоордо Айыл чарба жана Маданият министрликтеринин жоктугуна макул эмес. "Бул мекемелер биздин өлкөбүз үчүн керектүү жана маанилүү болуп саналат",- деп кошумчалады Сарпашев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан