Президент Алмазбек Атамбаев "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Документти парламент 2014-жылдын 31-декабрында кабыл алган. Аталган мыйзам менен "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" КРнын мыйзамынын 8-беренеси 18-пункт менен толукталат. Ага ылайык, мамлекеттик
кызматкерлер мамлекеттик кызматта турган убакта акцияларга, башка баалуу
кагаздарга (катышуу үлүштөрүнө, уюмдардын уставдык (салымдык) капиталынын
пайларына) ээлик кылууга укугу бар, бирок милдеттүү түрдө аларды ишеним
башкарууга өткөрүп берүүгө тийиш.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.