"Орусия өлүм жазасын алып салуудан 2006-жылы эле баш тарткан. Түркия деле мындан таптакыр баш тарткан жок, мамлекеттик чыккынчылык сындуу бир катар оор кылмыштарды караган мыйзам беренелери мурдагы бойдон калды. Ал тургай "демократиянын башаты" делген АКШда дагы өлүм жазасынын 3 түрү азыркыга чейин колдонулат. Ал эми айрым штаттардын мыйзамдарында кылмыштын андан башка түрлөрүнө да өлүм жазасы каралган.
Буга чейин кыргыз парламентинде бачабаздарга химиялык кастрация жасоо демилгеси көтөрүлгөн. Бирок адистер мындай чаранын жетишсиздигин айтышууда. Кыргызстандын башкы урологу Акылбек Усупбаев хирургиялык кастрацияны жыл сайын кайталап туруу зарыл болгондуктан, ар бир кылмышкерге жылына 6 миң доллардан ашуун каражат сарпталарын, андан көрө биротоло бычып салуу чарасын сунуштады. Ал эми академик Мамбет Мамакеев андай адамдарды жеке өзү эл көзүнчө бычууга даяр экенин жарыя кылды",- деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары кылмыштын айрым түрлөрүнө өлүм жазасын колдонууну ички иштер министри Мелис Турганбаев, парламент депутаты Абдыманап Кутушев колдой турганы айтылды.
Айта кетсек, акыркы мезгилде балдарга болгон зордук-зомбулуктун күчөшүнөн улам жер-жерлерде өлүм жазасын кайра киргизүүнү демилгелөө үчүн кол топтоо жүрүп жатканы айтылууда.