Депутат Ирина Карамушкина Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке арналган иш-чараларды 9-майда гана эмес, 17-майга чейин өткөрүүнү сунуштады. Муну депутат бүгүн, 9-февралда парламенттин Коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Улуу Жеңишти белгилөө ири жана дүйнөлүк окуя болгондуктан, аны өзгөчө өткөрүү керек. "Ал бир гана саясий эмес, тарбиялоочу-патриоттук мүнөздө болушу керек. Куралдуу күчтөрдүн беделин жогорулата турган болушу зарыл. Бизде социалдык жарнама боюнча мыйзам бар. Андан пайдаланып, жакшы видеотасмаларды тартып элге көрсөтсө туура болот. 9-майдан кийин мектеп окуучуларына экскурсияларды өткөрүү аларга жакшы таасир калтырат",- деди депутат.