Улуу Ата Мекендик согуштун өлкөдөгү 30 ардагери Москвада өтчү парадга катышат

Улуу Ата Мекендик согуштун Кыргызстандагы 30 ардагери Орусиянын борбору Москва шаарындагы Кызыл Аянтта өтчү парадга катышат. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда парламенттин Коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев билдирди.

Анын айтымында, Улуу Жеңишке арналган иш-чаралар бир гана улуттук деңгээлде эмес, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин деңгээлинде да өтмөкчү. "Москвадагы парадга 30 кыргызстандык ардагер жана КРнын Улуттук гвардиясынын 75 аскери катышат",- деди өкмөт мүчөсү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан