Бүгүн, 9-февралда Коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин жабык эшик артында карап жатат. Мындай чечимди комитет бир добуштан кабыл алды.
Жыйындын катышуучулары КРнын мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын иши менен таанышууда. Күн тартибине ылайык, бул маселе боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев жана өкмөттүн чек араларды делимитациялоо маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров баяндама жасап жатышат. Мындан тышкары жыйынга Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Бусурманкул Табалдиев жана Чек ара кызматынын төрагасы Райимберди Дүйшөнбиев чакырылышкан.