Кыргызстандын Кувейт өлкөсүндөгү элчиси Жусупбек Шарипов менен аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин Азия департаментинин директору Мухаммед Ахмад аль-Румий жолугушту. КРнын Тышкы иштер министрлиги 9-февралда билдиргендей, тараптар кыргыз-кувейт кызматташтыгын өнүктүрүүнүн тегерегинде пикир алышкан. Анын ичинде Кыргызстанга Кувейттин элчилигин ачуу, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык мамилени өнүктүрүү үчүн өкмөттөр аралык комиссия түзүү тууралуу сүйлөшүү жүрдү.
Жусупбек Шарипов экономикалык байланыштарды жандантуу үчүн укуктук-келишимдик базаны кеңейтүү керектигин айтса, Мухаммед Ахмад аль-Румий Кувейт тарап мамилелерди тереңдетүүгө кызыкдар экенин белгиледи.