Кудайберген Базарбаев Социалдык өнүгүү министрлигинде коррупция менен күрөшүү катуу көзөмөлдө экенин айтты

Социалдык өнүгүү министрлиги менен ИИМдин 5-Башкы башкармалыгы коррупциялык схемалардын алдын алуу боюнча 9-февралда биргелешкен жыйын өткөрдү. Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев өзү жетектеген мекемеде коррупция менен күрөшүү тапшырмасы дайыма көзөмөлдө экенин айтат. "Биздин нормативдик актылар жана программалык документтер милдеттүү түрдө коррупцияга каршы экспертизадан өтөт. Мындан тышкары жарандык коом менен тыгыз байланыштабыз. Бардык документтерди даярдагандан кийин коомдук талкуудан өткөрөбүз",- деди министр.  
ИИМдин 5-Башкы башкармалыгынын башчысы Нурлан уулу Таштан мамлекеттик сатып алуулардагы коррупциялык көрүнүштөргө олуттуу көңүл буруу керектигин белгиледи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан