Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине интернет-сайттарын соттун чечимисиз эле жабууга уруксат берилиши мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда парламенттин Эл аралык иштер комитетинин жыйынында УКМКнын башчысынын орун басары Рустам Мамасадыков билдирди.
Анын айтымында, учурда УКМК тиешелүү жобонун үстүндө иштеп жатат. "Биз Улуттук байланыш агенттиги менен бул багытта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Биздин пикирибиз боюнча, бул агенттик өз ишмердүүлүгүн бир гана лицензия берүү менен чектебей, ар бир сайт кандай иш жүргүзүп жаткандыгын текшериши керек. Эгер сайтта улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген маалыматтар болсо, анда аны жабыш керек болот",- деди Мамасадыков.
Мындан тышкары ал мындай демилгенин негизги максаты экстремизмге жана террорчулукка үгүттөөгө каршы иш алып баруу экендигин белгиледи.