Президенттин атынан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Анатай Кутманбетовго жардам берилди

Бүгүн, 9-февралда президент Алмазбек Атамбаевдин атынан Кыргызстандын президентинин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Икрамжан Илмиянов 100 жашка толгон Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Кызыл Жылдыз жана Даңк ордендеринин ээси Анатай Кутманбетовго материалдык жардам көрсөттү.

Илмиянов ардагер Анатай Кутманбетовду 100 жылдык мааракеси менен куттуктады. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин мааракеге байланыштуу куттуктоосун окуп, чың ден соолук каалады. А.Кутманбетовдун каармандыгы жана көп жылдык эмгеги азыркы жана келечек жаштар үчүн мекенге кызмат кылуунун бийик үлгүсү болуп саналарын белгиледи. “Сиздин басып өткөн өмүр жолуңуз бизге дем берет, жаратман эмгектин үлгүсү, мекенди сүйүүгө жана элге ак кызмат кылууга үндөп турат. Президент Алмазбек Атамбаев ардагерлер - жаратмандардын жана жеңүүчүлөрдүн мууну менен сыймыктанарын ар дайым баса белгилеп келет”,- деди Илмиянов.

Алмазбек Атамбаевдин атынан Икрамжан Илмиянов ардагер Анатай Кутманбетовго 100 миң сом жана президенттик саат тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан