24-май күнү футбол боюнча өлкө биринчилиги – Топ-Лиганын 8-турдук оюндары Ош шаарында жана Кочкор-Атада болуп өттү. Футбол лигасы кабарлагандай, “Алай” “Алганы” кабыл алса, “Нефтчи” “Дордой” менен ойноду.
Маалым болгондой, Ошто “Алай” бишкектик командадан мыкты болду. Оюндун 16-мүнөтүндө “Алайдын” оюнчусу Муролим Ахмедов эсеп санын ачты. Буга “Алга” Шаршенбек Бакыт уулунун голу менен жооп берди.
2-таймда “Алайдын” оюнчулары 3 жолу айырмаланганга жетишти. “Алганын” оюнчусу Рамзи Набиев оюндун акыркы мүнөтүндө гол киргизгенге үлгүрдү. Эсеп 4:2. Бул жеңиш менен Алай” 3 упай алып, жалпы 22 упай топтоп турнирдик таблицада 1-орунда келе жатат.
Ал эми “Нефтчи” өз үйүндө “Дордойду” кабыл алып, 2:1 эсебинде жеңишке жетишти. Кочкор-Атанын командасы бул жеңиш менен 8 упайга ээ болуп турнирдик таблицада 4-орунга көтөрүлдү.