Өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын адистери "клооп.кг" сайтында жарыяланган маалыматтар боюнча текшерүү жүргүздү. Адистер сервердин иштөөсүнө сырттан жасалган байланыштын белгилерин табышкан жок. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы шайлоого байланышы бар делген "Самара" боюнча иликтөөнүн жыйынтыгына таянып билдирди.
"Маалыматтардын коопсуздугу боюнча саясат жана талаптар бар. Эч кандай менчик сайт серверге камтылган эмес жана ачык маалыматтар базасы менен камтыла албайт. Биздеги маалыматтар базасын сактоо, кайра жаңылоо шарттары, коопсуздук чаралары өлкөдөгү бардык талаптарга жана эл аралык стандарттарга жооп берет.
Веб-серверге хакердик чабуулдар болуп келген, мындан ары да болушу мүмкүн. Бирок серверди бузуп кирүү фактысы бир да жолу катталган эмес. Маалымат базасын коргоо системи эффективдүү иштеп жатат.
Паспорттогу бардык белгилер, жарандын жеке номуру же биометрикалык маалыматтары бир убакытта бир эле серверде, же маалымат базасында жайгаштырылбайт. Бул маалыматтар ондогон бөлөк базаларда сакталат. Бардык маалыматтык системдерге кирүүнүн өзүнүн эрежелери жана чектөөлөрү бар.
Мамлекеттик каттоо кызматы "клооп.кг" сайтында жарыяланган коомчулукту адаштырган чындыкка дал келбеген маалыматты төгүнгө чыгарууну талап кылат", - деп айтылат билдирүүдө.
"Клооп.кг" сайты "Самара" боюнча журналисттик иликтөөдөгү маалыматтарды жокко чыгарбастыгын билдирди. "Биринчиден, биз "samara.kg" мамлекеттик эмес сайты Мамкаттоо кызматынын серверлеринде камтылганына 100 пайызга ишенебиз. Бизде төгүнгө чыгарылгыс далилдер бар. Экинчиден, биз Мамкаттоо кызматынын жообунда иликтөөбүздөгү факттарды түшүндүрүүнү уккан жокпуз.
Бул мекемеге ишеним жоголгону үчүн биз анын ишмердүүлүгүн Улуттук коопсуздук кызматы, Ички иштер министрлиги жана Башкы прокуратура иликтеши керек деп эсептейбиз", - деп айтылат журналисттердин жообунда.
Белгилей кетсек, жергиликтүү "клооп.кг" сайты президенттик шайлоодогу үгүт учурунда шайлоочулардын жеке маалыматтарын чогулткан делген "Самара" системи боюнча журналисттик иликтөө жүргүзүп, 26-октябрда макаланы жарыялаган.