Мамлекеттик каттоо кызматы "клооп.кг" сайты менен соттошкону жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, аталган сайт "Самара" системи боюнча журналисттик иликтөөсү жөнүндө макаланы төгүнгө чыгаруудан баш тартканына байланыштуу Мамкаттоо кызматы сотко арыз менен кайрылмакчы.
"Клооп.кг" соттошууга даяр экенин билдирди. "Сотто далилдерди көрсөтөбүз. Эгер адилеттүү териштирүү болсо, биз макалабыздагы серверге кирүүгө ниеттенмекчибиз.
Ал эми Мамкаттоо кызматынын билдирүүсүн көз карандысыз маалымат каражатына кысым көрсөтүп, мекеменин адамдары жасаган кылмыштарды жашырууга аракети бар деп баары бир эсептейбиз", - деп айтылат журналисттердин жообунда.
Белгилей кетсек, жергиликтүү "клооп.кг" сайты президенттик шайлоодогу үгүт учурунда шайлоочулардын жеке маалыматтарын чогулткан делген "Самара" системи боюнча журналисттик иликтөө жүргүзүп, 26-октябрда макаланы жарыялаган. "Бир ай ичинде Мамлекеттик каттоо кызматынын серверинде "самара.кг" деген сайт камтылган экен. Бул сервер аркылуу бардык Кыргыз жарандарынын жеке маалыматтарын (паспорт номери, жеке идентификациялык номер, биометрикалык маалымат) табууга мүмкүн. Мындай мүмкүнчүлүк президенттикке талапкердин үгүт иштеринин жүрүшүн кыйла жеңилдете алат", - деп жазылат макалада.