Борбор калаанын айрым көчөлөрү футбол боюнча Кыргыз-Индия беттешине байланыштуу жабылат

Тектеш кабарлар: Футбол боюнча Азия Кубогу-2019 (200 материал)

Бүгүн, 27-мартта Бишкек шаарынын айрым көчөлөрү футбол боюнча Кыргыз-Индия беттешине байланыштуу жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.

"Транспортко Тоголок Молдо көчөсү менен Чүйдүн кесилишинен тартып Жибек Жолуна чейин, Фрунзе көчөсү менен Панфиловдун кесилишинен Исанов көчөсүнө чейин саат 17:00дөн 22:00гө чейин чектөө киргизилет", - деп жазылат маалыматта.

Айта кетсек, бүгүн Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргыз-Индия беттеши орун алат. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан