"Тогуз-Тородогу митингге активдүү катышкан деп кармалган аялдын 2 айлык баласы бар" дейт бир тууганы

"Камакта отурган аялдардын биринин 2 айлык кызы бар. Кызы эки күндөн бери ачка калууда", - дейт 17-апрелде митингге чыккан аялдын бир тууган иниси Адилет Көчкөнбай уулу.

Ал кармалган эжеси Сабыркан Мусалиева 40 жашта экенин айтты. "Анын 4 эркек уулу, бир кызы бар. Эжемди 15-апрель күнү кармап кетишкен. Тез арада бошотуу керек. Кызы ачка отурат", - дейт Адилет Көчкөнбай уулу.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов бул боюнча маалыматы жок экенин айтты. "Алардын балдары бар экенин же жок экенин билбейм, бул маалыматты ушул жерден уктум. Кармалгандын үчөөсү аял. Алардын эң жашы 18 жашта. Калгандары 20-30 жаштан өткөн. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Кошумча маалыматты беребиз", - деди Сейитов.

17-апрелде Тогуз-Торо районунун 100дөн ашык тургуну Ак Үйдүн алдына митингге чыкты. Алар милиция тарабынан кармалып Бишкекке алып келинген район тургундарын бошотууну талап кылышууда.

Айта кетсек, буга чейин Тогуз-Тородо миңден ашуун адамдын катышуусунда митинг болгон. Алар аймактагы алтын ылгоочу комбинаттын курулушу токтотулуусун талап кылышкан. Митингдин жүрүшүндө алтын ылгоочу комбинаттын имараты өрттөлүп, ыргытылган таштан 3 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургун жаракат алып ооруканага кайрылган. Кийин бул окуяга байланыштуу райондун акими кызматынан алынган.

Тогуз-Тородогу митингге активдүү катышкан 15 адам кармалган.

Тогуз-Торо районунун 100дөн ашык тургуну Ак үйдүн алдына митингге чыкты
Адилет Көчкөнбай уулу: "Тогуз-Тородогу митингге активдүү катышкан деп кармалган аялдын 2 айлык баласы бар"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
take19
2018-04-17 13:30:10
2 айлык кызын багып үйүндө эле олтурбайт беле. Жаш балалуу аялга митингдин эмне кереги бар эле.
+7
BakaiJ
2018-04-17 13:34:48
take19,Ошол 2 айлык кызынын келечегин ойлоп чыкты да. Сага окшогондордун айылына курса болмок, ошондо отура бермексин митингдин эмне кереги бар деп.
https://www.super.kg/mobile/kabar/news/228445/
+4
Jelezo
2018-04-17 13:43:44
Аялдарды чыгарып койуп эркектер бозо ичип отурушса керекда уйдо бала карап.
-6
BakaiJ
2018-04-17 13:48:31
Jelezo, өзүң кандай болсоң элди ошондой деп ойлогон акылың тайкы неме окшойсуң.
+6
nazarKGZ
2018-04-17 14:08:41
Ушунун ордуна ТЕЦти акчаларды ким жеди ошолорду камагыла
+5
aerforce
2018-04-17 14:13:43
эки айлык бала менен уйундө олтуруш керек сен жакшы десе эле лакылдай бербей андан башкасы чыкса деле жетишмек туура эле алтынды көрүнгөнгө бербеш керек бирок менин айтканым эркек киши чыкса жетишет эле
+7
asankulov12
2018-04-17 14:43:40
Ишкананын иштешине каршы болсонор ортобой эле митинг кылбайт беленер. Ал ишкана 5 млн$ чыгым деп талап кылып жатат. Аны мамлекет толош керек кайсыл акчадан толойт, силердин жана биздин акчадан.
+3
aibars
2018-04-17 14:50:53
asankulov12, Ал 5 млн $ эч нерсе эмес келечекте 100 млн $ алышмак ошол жерден андан дагы коп. Кечее эле 200,000$ алган прокуратуранын кызматкери ооруп жатып калды ошону камабайбы. Уйундо эмчектеги баласы бар алсыз аял затына кучун корсотушпой. Жазбайын дейсин айла жок.
0
Nevestkaa
2018-04-17 15:17:10
Эгер кытайлар иштеткен болсо ырас болуптур .
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан