Ак Үйдүн алдына барып түкүргөн Рамис Закирияев: "Бийлик кандай мыйзамды кабыл алып, күчүнө киргизүүнү өздөрү билип жатат"

2017-жылга чейин кабыл алынган жаңы кодекстер ушул жылдын башынан тарта күчүнө кирди. Бирок бул нормалар коомчулуктун сынына кабылууда. Коомдук жайда түкүргөндөрдү 5500 сомго айыпка жыгуу талабы жарандарды кыжырлантып, өкмөттүн дарегине нааразычылыктарды туудурду. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "түкүрүк мыйзамын" кайра карап чыгыш керек десе, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков "туура эмес норма кирип калыптыр" деп айып пулду 5500 сомдон 1000 сомго түшүрүү каралып жатканын айтты.

SUPER.KG порталынын "Өкмөт "туура эмес норма экен" деп түкүрүккө салынчу айып пулду 5 эсе азайтууну чечти. Бул абылгазиевдик өкмөттүн жыл башынан күчүнө кирери белгилүү болгон кодекстер менен таанышып чыкпаганынан кабар береби?" деген соболуна Ак Үйдүн алдына барып түкүргөн Рамис Закирияев жооп берди.

Жаңы жылдан кийин эл арасында катуу талкууга алынган Закирияев бул сыяктуу мыйзамдар менен элди кыйнаган туура эмес дейт.

“Бийлик мыйзам кабыл алып, аны күчүнө киргизүүдө баарын өздөрү чечип жатат. Бирок элди кыйнаганы туура эмес деген ойдомун. Буга чейин бул мыйзамга карата өз оюмду билдиргем. Ал кадамым менен ичимдеги нерселерди видео аркылуу бийликке жеткиргим келген. Бирок катардагы жаран катары туура же туура эмес деп айтып эч нерсе чече албайм. Өз жоругума мыйзам чегинде жооп берүүгө даярмын. Комиссия кандай чечим кабыл алса, канча айып пул салса да жоопкерчиликтен качпайм”, - дейт Закирияев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Зиядин Жамалдинов, экс-депутат Камчыбек Ташиев, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев, юрист Канатбек Азиздин пикири бул шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан