"Барар жерим жок кризистик борборго келгем. Бул жактан Библия оку деп мажбурлап жатышат" дейт жалгыз бой аял. Тийиштүү тарап буга эмне дейт?

Үмүт аттуу жалгыз бой аял коронавирус пандемиясынан улам барар жери жок болуп Бишкектеги "Руки любви" аттуу адаптациялык борборго барганын жана ал жакта "Библия окугула" деп мажбурлап жатышканын SUPER.KG порталына билдирди.

"Мен учурдагы абалга байланыштуу жумушум жок же батирге акча төлөй албай, кызым менен көчөдө калгандыктан "Руки любви" аттуу кризистик борборго келгем. Борбор менен алдын ала келишим түзүлгөндө "Библия китебин окушуң керек" деп эч ким айткан эмес. Кийинчерээк байкасам, күнүнө бир маал биз Библия китебин окушубуз керек экен. Башында биз силерди мажбурлабайбыз, өзүңөр билгиле дешкенинен мен дароо эле окубайм деп айткам. Анда унчугушкан эмес. Бүгүн "Сен эмнеге Библияны окуганда сабакка катышпайсың?" деп сурашты "Кечирип койгула, мен мусулманмын, окуй албайм" десем анда бул жактан чыгып кет, биздин шартыбыз ушундай, Библияны окушуң керек" дешти. Макул анда чыгып кетейин дегем, азыр ойлосом, келишим түзүлгөндө "Библияны окуйсуңар" деген талап болгон эмес экен. Демек, булар менин укугумду бузуп жатышат. Бул жактан чыксам, мен кайда барарымды билбейм", - деп билдирди жалгыз бой айым.

Ал эми сөз болгон "Руки любви" адаптациялык борбордун негиздөөчүсү, жетекчиси Наталья Гребнева окуя боюнча төмөнкүдөй түшүндүрмө берди.

- Биздин адаптациялык борбор 2008-жылдан бери иштеп келет. Биз кризистик абалда калган балалуу энелерди кабыл алабыз. Окуя боюнча, ал айым бизге экинчи ирет келип жатат. Бир жыл мурун кызы жаңы төрөлгөндө төрөтканадан түз эле бизге алып келишкен. Бизде өзүбүздүн эрежелер бар, борбордогу кыздар кезектешип жыйнашат, тамак жасашат дегендей. Мен төрөтканадан чыккам, мага болбойт деп, акыры "Бул жакта иштегенге мажбурлашат экен, мага жакпайт" деп бир айдан кийин ызы-чуу менен кеткен. Бир жылдан кийин кайра жардам сурап келип жатат. Ал биздин шарттарды, эрежелердин баарын жакшы билет.

Бизде күнүмдүк режимде атайын расписание түзүлгөн. Анда жогоруда айткандай кезектешип тазалоо иштерин кылуу, баарлашуу сабактары бар. Баарлашуу сабагына биз психолог, дарыгерлерди чакырабыз. Биз ар тараптуу адистерди чакырып, борбордогу аялдарга руханий байлык тартууласак дейбиз. Борбордо хиджаб кийген кыздар бар, алар намаз окуйбуз дешет, макул деп каршылык кылбайбыз. Адатта бизге кордук көргөн, моралдык жактан кыйналган, жанын кыюуга жетип калган абалдагы аялдар келет. Аларды мындай оор кырдаалдан Кудайга болгон ишенимин бекемдөө менен жардам көрсөткүбүз келет. Бизде Куран китеби да, Библия да бар. Ооба, биз Библияны окуйбуз. Бирок анда ата-энеңди сыйла, бала Кудайдын берген белеги деген сыяктуу нейтралдуу темаларды тандап алабыз.

Эч кимди христиан бол же башка бол деп кыйнабайбыз. Биз ушул кезге чейин эч кимди борбордон кубалаган эмеспиз.

Окуя боюнча Диний иштер боюнча мамлекеттик комиссиянын адиси мындай дейт: "Кайрымдуулук борбору, адаптациялык, кризистик, реабилитациялык борборлору өздөрүнүн уставдарына ылайык иштешет. Алар Кыргыз мамлекеттик диний иштер боюнча комиссиясынын каттоосунан өтүүгө милдеттүү эмес. Баш мыйзамга ылайык, Кыргыз өлкөсү светтик мамлекет жана бир дин мамлекеттик дин катары кабыл алынуусу мүмкүн эмес. Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамга ылайык, бир адам экинчи адамды бир динге өткөрүүгө мажбурлоого укугу жок. Кайрымдуулук, адаптациялык борборлорундагылар кандайдыр бир динди тутунуп, өзүнүн руханий байлыгын азыктандырып жатса, ал ар бир адамдын укугу. Бирок ал атайын уюштуруп, диний иш-аракеттерди жүргүзүп жаткан болсо, анда комитетке каттоого туруусу керек. Каттоодон өтпөсө, анда мыйзамсыз иш-аракет болуп саналат. Ошондуктан кайрымдуулук борбордун эч кандай динге, саясатка кийлигишүүгө укугу жок. Алардын негизги багыты муктаж адамдарга жардам берүү болуп жаткандан кийин ошону гана аткарышы керек. Эгер динге байлап, мажбурлоо иштери орун алса, ал мыйзамга каршы келет. Эгер бул фактылар далилденсе, анда тиешелүү мамлекеттик органдар диний иштер боюнча мамлекеттик комиссия, жергиликтүү башкаруу органдары, укук коргоо органдары иш алып барат.

Ал эми арызданган айымдын окуясы боюнча бүгүн карантинге байланыштуу бара албай калдык. Эртең ал айым жайгашкан борборго барып, териштирүү иштерин жүргүзөбүз".

"Кризистик борборго барсам библия окугула деп мажбурлашууда", - дейт каарман
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
Nurbany
2020-04-09 23:31:10
Биздин уйго келинизчи
+29
Store
2020-04-10 00:54:33
Йоптишкиндер, ар кандай уюмдардын аттарын жамынып алып бириң гейлерге, бириң лесбилергк, бириң тең укуктуу деп аялдарды бузукулукка, бириң Иегово баптистке үгүттөп жүрөсүңөр, ХХХХХ тынч жатпайт блиндер.
+30
pyeon hwa
2020-04-10 01:36:34
Кылмыш ишин козгош керек го
+20
Kairat1996
2020-04-10 01:46:28
Ислам дини арабтардан танууланып келген диний тушунук, Християн еврейлердин дини болгон.
-30
uz.nookat
2020-04-10 06:27:44
Kairat1996,сенин динин чи билесинби думбул
+12
AzKumFerDan
2020-04-10 03:04:23
Ошол центирди тез арада жоопко тартып мыйзам алдында жазасын алуу керек.
+19
asha302
2020-04-10 12:23:37
AzKumFerDan,Эгерде куранды таңуулап окутуп жатышкан болсо бул сөздү азыр жазмак эмессиң туурабы?
-9
don7sky
2020-04-18 16:12:51
asha302, Анда Сага Кытай акча берип кризистный центр ачып берсе конфуцианизмди окуй
0
don7sky
2020-04-18 16:13:53
asha302, окуйт белен ХХХХ
0
nurbek1995
2020-04-10 07:11:07
Erlan2196 Kairat1996 Урматтуу АДМИН жогоруда көрсөтүлгөн адамдарды сайттан чыгарып салышынызды суранабыз себеби булар эл бузарлар
https://www.super.kg/mobile/kabar/news/302727/
+15
erlan2196
2020-04-10 08:40:37
nurbek1995,
Ар бир адамдын оз ой пикири бар. Аны унутпашын керек. Баш кесмек бар, тил кесмек жок. Эгер адамдын оюн тыя берсе аягы жакшы болбойт.
-3
Mister-X
2020-04-10 16:39:33
nurbek1995,Мен да колдоймун.Пикирине каршы эмесмин.Силер мусулмандарды шылдындап,мазактап да коментарий жазасынар.Кайсы жерде жашаса,ошол жердин мыйзамын сактап,динин,урп-адатын сыйлаш керек.90% мусулман жашаган олкодо динди мазактоо кылмыш болуп эсептелет.
+5
Nemo_0587
2020-04-10 22:52:44
nurbek1995, ушулар менин жазгандарымды өчүрүп коюп атышат окшойт.
+1
Araika
2020-04-10 10:35:22
Аллахым баарын туура жолдон адаштырбасын. Журогубузго ыйман.элибизге тынчтык берсин.
+15
asad9
2020-04-10 10:36:46
Жөндөн жөн эле кризистик борбор ачмак беле Белгилүү бир максаттары бар да. Бекер жардам жооооок.
+8
Alia82
2020-04-10 11:14:00
Мусулмандарда жокпу ушундай кризистик борбор, болсо ошол жака барсын,

Мусулмандар да ачып намаз окутса сонун болчудай экен, жакшы идеа
+7
asha302
2020-04-10 12:20:37
бул аял өзү соо эмес сыягы
-6
Nursul
2020-04-10 12:29:28
Ислам дини бир эле Арабдардын дини десеңер жанылышасынар.
+6
KAYRATBEK
2020-04-10 13:40:38
Библиянын 3тон 2син крестьяниндердин поптору оздоруно ынгайлуу кылып жазып алышкан. Буну крестьяниндер оздору айтышат. Ошого коп крестьяниндер оздору библия окушпайт. Окубагыла озунорду озунор алдап. Кудайым берген 14 кылымдан бери бузулбаган КУРАН китебибизди окугула. Себеби Аллах Таала Куранды сактайм деп озу соз берген. Курандын ар бир созу азыркы жашоого 100%туура келет. Себеби Куран бул чыныгы Аллах Тааланын созу.
+9
asha302
2020-04-10 15:37:11
KAYRATBEK,не факт
-9
zoya
2020-04-10 23:25:35
asha302, Сенин дининде факт барбы болсо далилде.
0
basyz-kaman
2020-04-10 16:25:26
Ислам дини бир эле араптардыкы эмес дүйнөдөгү жалпы мусулмандардын дини. Албетте ажыга баруу жана умрага баруу дегени чындыгында Сауд Аравиясынын бюджетине эбегейсиз көп акча алып бара турган нерсе экени баарыбызга эле маалым. Араптын кийимин кийбей кыргыздын ак калпагын кийип, умрага барбай эле ошол акчаны бей бечарага, жетим жесирге берип сооп алып мусулман болсок деле болот негизи. Ислам дини өтөө таза жана дүйнөдөгү жападан жалгыз чыныгы дин.
+4
basyz-kaman
2020-04-10 16:31:14
Библияга келсек бир нече жолу өзгөрүлгөнү чын жана фактылар деле бар. Бир убактарда дүйнөдөгү менмин деген католик чиркөөлөрүнүн башчылары Римде чогулуп Иса Пайгамбарды (Исус Христос) пайгамбар эмес адам келбетинде жерге түшүп жашаган кудай деп таанышкан. Ошондуктан көптөгөн жалган нерселерге негизделген Библияны окубай эле койгула.
+4
pat12
2020-04-10 16:44:04
basyz-kaman,
Куранды да окубай эле койгула. Себеби коптогон азгырык, жалган маалыматтар камтылган.
-9
orun
2020-04-10 17:24:59
pat12,мындай оюң менен 200% адашып жатасың! Тообо кыл деп кеңеш бермекчимин. Өкүнүп калба мекендешим, замандашым. Балким диндешим дагы болуп калаарсың деп үмүттөнөм Аллах кааласа. Амин!
+1
kasiko
2020-04-10 19:35:38
pat12,Тообо кылыныз, Аллах ырайымдуу Зат.
0
lenovo820
2020-04-10 22:56:09
pat12, сен даана Адам кейпиндеги айбан экенсин.
Аллах ОЗУ кечирсин.
0
Mister-X
2020-04-10 16:44:14
basyz-kaman,Библияда менин ата бабам динчил болгон деп,ата бабасынын суротторун коюп сыйына баштаган.Мына ушул жерден жанылышкан.Ата бабалары кудайга сыйынса,урпактары алардын суротуно сыйынып калган.Исламда да менин чон атам чон молдо,ажы болгон деп суротторун сактап жатышат.Бул туура эмес.
-2
karabet
2020-04-12 12:17:32
Уяты жоктор.
Бул аял контракт деп коет, контракт дегидей акча толодун беле ??
Чыгып кетиш керек. Ал центр жап дегендер келесоосунар. Ал жакта христиан аялдар жашагысы келиши мумкун. Жапсанар анда медреселерди да чогу жапкыла, ал жакта куранда эртеден кечке окутмай тугул, керек болсо жаттатырат

Бул аял ХХХХ аял экен, кирип, берген бекер тамакты жеп, эми кайра кетпейм деп жатканын, ХХХХХ

Кыргыздар, уят уят уят
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан