Депутаттар ооруканада жаткан 2 жашар Ибрагимге айлыктарынын эсебинен акча бөлүүнү демилгелешти

Депутат Айнуру Алтыбаева кесиптештерин зомбулукка кабылып, учурда ооруканада жаткан 2 жашар Ибрагимге айлыктарынын эсебинен акча бөлүүгө чакырды. Мындай сунуш бүгүн, 12-февралда парламент жыйынында айтылды. Оор абалда жаткан 2 жашар бала жардамга муктаж экенин айткан депутат: "Баланын апасы жок, атасы камакта. Учурда анын ден соолугу үчүн дарыгерлер күрөшүп жатышат. Биз аны багып жаткан адамдарга жана дары-дармек сатып алууга айлыктарыбыздан акча бөлүп берсек туура болмок",- деди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан