Бүгүн, 14-майда SUPER.KG порталына Токтогул районунун Анара Назаркулова аттуу тургуну кайрылып, баласын күйөөсүнөн сатып алган аял уулун бербей качып жүргөнүн айтты.
“Балам Нурэл Койчуманов 2013-жылы 3-июлда төрөлгөн. 2014-жылы 19-апрелде баламды өз апама таштап, Орусияга иштегени кеткем. Кийин күйөөм “баланы Бишкектеги карындашым багат” деп апамдан алып кеткен экен. Ага телефон чалып, баламды сурасам ар шылтоону айтып жүрдү. Санаам чыдабай 17-апрелде Бишкекке келип, кайниме жолуктум. Ал баланы көлдүк аял багып жүргөнүн айтты. Аялдын иштеген жерине барсам, “баланы күйөөңдөн 50 миң сомдон көп акчага сатып алгам” деп койду. Күйөөм болсо “ал жөн эле бала багуучу болчу” деп жатат.
Бул боюнча Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылдым. Алар аялды таап, түшүнүк кат алышканда көрсөтмөсүн өзгөртүп, “баланы сатып албай эле, жөн эле багып жүргөм” деп, баланы соттун чечиминен кийин берерин айтыптыр. Мындан улам аталган райондун ички иштер бөлүмү ишти жаап, прокуратурага өткөргөн экен. Ал жакка барсам сотко барыңыз дешти. Учурда баламды багып жүргөн аялдын дайыны жок. Мурда жашаган жеринен көчүп кетиптир. Тиги аял бала багуучу болсо, эмнеге өз баламды бербей качып жүрөт? Эмне кыларымды да билбей калдым”,- дейт Анара Назаркулова.