Бишкекте бүгүн түрмөдөн качкан кылмышкерди кармоо операциясын чагылдырып жүргөн
SUPER.KG`нин кабарчысы
Максат Орозумбетовду белгисиз бирөөлөр сабап, видеокамерасын жулуп кетишти. Кабарчыбыздын билдиришинче, атышуу аяктап калган маалда топтолгон балдар жүгүрүп келишип, себепсиз ур-токмокко алышкан. Денесине залал келтиришкен. Окуяны тартып жүргөн камерасын тартып алышкан.
"Белгисиз балдар чачымдан кармап алышып ичке, көкүрөккө тепкилеп киришти. Башымды кучактап жатып калдым. Ошол учурда колумдан камераны жулуп качып кетишти. Мени сабап жатышканын ары жактан милиция кызматкерлери көрүштү, бирок жардамга келишкен жок. "Эй, жигиттер, койгула" дегенге араң жарашты",- дейт Максат.
Кабарчыбыз камерасы менен ошол жердеги окуяларды тартып жаткан, анда окуянын жүрүшү тууралуу материалдар бар болчу. Анын сабалышына, балким, катардагы адамдардай кийинген тартип коргоо мекемелеринин кызматкерлеринин тиешеси болушу мүмкүн. Балким, камерага аларга компромат болчу кадрлар тартылып калышы ыктымал...
Түрмөдөн качкандарга байланыштуу милициянын элден жашырган эмнеси бар? "Террористтер" деп өлтүрүлүп жаткан кылмышкерлердин чын эле террорист экенине кепилдик барбы? Бычакчан кылмышкерди кармай албаган милицияга миллиондогон акча коротулуп жатканы туурабы? Кармалган кылмышкерлер ошол кармалган жерге өздөрү келишкенби же аларды ошол жерге алып келишип анан "постановка" кылышканбы? Суроо артынан суроо жаралып жаткан чак.