Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Алмалуу-Булак айылында түшкөн жер көчкүнүн алдында калган бала изделүүдө. Маалыматты 28-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. "27-апрелде саат 17:30 чамасында Үч-Чат жайлоосунда көлөмү 100 миң метр куб жер көчкү түшүп, 1 үйдү басып калган. Саат 18:00 чамасында ошол эле айылдын башка тилкесинде көчкү түшүп, 6 турак жайды басып калган. Көчкү 2 баланы басып калып, бирөөсүн жергиликтүү тургундар куткарып калышкан. 14 жашар бала көчкү астынан изделүүдө", - деп билдирди министрлик.
Көчкү түшкөн айылда министрликтин куткаруучулары иштеп жатышат.