Кадамжай районунда селден каза тапкандардын аты-жөнү такталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, алар:
Жороев Зайир Шамидинович, 1991-жылы туулган, Көтөрмө айыл аймагындагы Кызыл-Булак айылынын тургуну.
Жороев Шайырбек Шамидинович, 1987-жылы туулган, Көтөрмө айыл аймагындагы Кызыл-Булак айылынын тургуну.
Шайырбек уулу Алмаз, 2014-жылы туулган, Жороев Шайырбектин уулу.
Алымкулова Фарида, 1967-жылы туулган, Орозбеков айыл аймагындагы Учкун айылынын тургуну.
Эрмекова Зарипа, 1973-жылы туулган, Майдан айыл аймагынын тургуну.
Куткарылган бала - Нурлан уулу Жеңишбек, 2010-жылы туулган. Эрмекова Зарипанын уулу.
Селден жалпы 15 автоунаа жабыркаганы, Ош-Айдаркен автоунаа жолунун 125-132-чакырымында тоо жылгаларынан 15тен ашык жеринен сел жүрүп жол жабылганы айтылды. Жергиликтүү тургундар 5 адам каза тапкан унаада 2013-жылы туулган Жороев Элдар Рыскулбекович деген бала дагы болгонун айтып жатышат. Жоголгон баланы 48 куткаруучу издеп жатат.
Орозбеков, Бирлик, Масалиев, Көтөрмө айыл аймагында жана Кадамжай шаарында, Жийделик айылында электр мамылары селден зыянга учурап, 4400 жашоочу электр жарыгысыз калган.