Энергиянын кайра жаралуу булактары жөнүндө мыйзамга кол коюлду

Президент Алмазбек Атамбаев "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Кабыл алынган мыйзамда энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен иштелип чыккан электр кубаттуулуктарына тарифтер отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталары каралган.

Мыйзам боюнча акыркы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына максималдуу тарифтин чоңдугун өзгөртүү үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу талап кылынбайт. Ошентип, "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамы "Энергетика жөнүндө" жана "Электр энергетикасы жөнүндө" мыйзамдарга шайкеш келтирилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан