Москвадагы басмакана үйүндөгү өрткө күбө болгон Санжар аттуу окурман SUPER.KG'ге окуянын чоо-жайын айтып берди.
"Өрт чыккандан көп өтпөй дароо эле басмакананы түтүн каптап, жакын жашагандардын баары жардамга келди. Андан кийин эле өрт өчүрүүчүлөр келип, өздөрү качып чыккандардан сырткары төрт адамды алып чыгышты. Алардын абалы оор болчу. Андан кийин куткаруучуларга үстүндө кыздар бар экени айтылып, алып чыгууга болгон аракеттерин жасашты. Бирок көп убакыт өтүп кеткендиктен, сактап кала алышкан жок.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 4-5 саат убакыт коротушту. Өзгөчө 18 жаштагы кызы ичинде калып каза болгон аялга кыйын болуп жатты. Абалы оор эле, "Тез жардам" кызматы ооруканага алып кетебиз дегенине карабай ошол жерде туруп алды.
Мен ал жерде иштебегеним менен, жалаң кыргыз кыз-келиндер иштегенин көрүп жүргөм. Канцелярдык буюмдарды, журналдарды чыгарып иштешчү. Бүгүн окуя болгон жерге барып куран окуп, гүл коёбуз", - деди Санжар.
Эскерте кетсек, Москва шаарынын түндүк-чыгыш тарабындагы Алтуфьев шоссесинде жайгашкан басмаканадан чыккан өрттөн 17 адам каза таап, 4 адам жаракат алды. Алардын ичинен 14 адам Кыргыз Республикасынын жараны экени аныкталды. Калган адамдардын жарандыгы тактала элек. Ал эми ооруканада жаткан төрт мекендешибиздин аты-жөнү такталды.