"Президенттик аппараттын айрым кызматкерлери Бишкекке кайтып келишти, ал эми Алмазбек Атамбаев дале Түркияда", - деп бүгүн, 22-сентябрда SUPER.KG порталына президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Айта кетсек, 20-сентябрда кечинде президенттик аппараттын басма сөз кызматы Алмазбек Атамбаевдин жүрөк оорусу кармап, Түркияда ооруканага жаткырылганын кабарлаган. Мындан улам президент Нью-Йоркто өтчү Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 71-сессиясына катышпай тургандыгы кабарланган. Мындан тышкары Алмазбек Атамбаев болжол менен 1-октябрга чейин эмгек өргүүсүнө чыкканы маалымдалган. Түркиялык басылмалар президент Түркиянын Измир шаарындагы "Шератон" мейманканасында экенин жазып чыгышкан.