Кызыл-Кыяда ишкердин УКМК кызматкери тарабынан сабалганы тууралуу кабарды жөнөткөн окурман "Элдик кабардын" кезектеги смартфонун утуп алды

Мындан 10 күн мурун Кызыл-Кыя шаарына караштуу Караван айылына кире бериш жерде бир окуя орун алган. Анда УКМКнын Кызыл-Кыя шаарындагы кызматкери Замир Жолболдуев жана белгисиз 3 адам ишкер Зарылбек Маткалыковду ур-токмокко алышкан.

Зарылбек Маткалыков SUPER.KG порталына: “Окуя болордон 2-3 күн мурун иш бөлмөмө белгисиз адамдар келишип, Замир аттуу киши менен телефон аркылуу сүйлөштүрүшкөн. Анда ал “ишкер экенсиң, биздин алдыбыздан өтүп койбойсуңбу” деген. Мен анын сунушуна макул болгон эмесмин. Окуя болгон күнү келинчегимди тойго алып барып, кайра келе жатканбыз. Караван айылына 500 метр жетпей артыбыздан белгисиз унаа кысып, күйүүчү май куюучу жерден токтоого аргасыз болдук. Ал жерде эч ким жок экен. Анан унаадан белгисиз 3 адам түшүп, мени ур-токмокко алышты”, - деп билдирген болчу.

Бул окуя тууралуу кабар SUPER.KG порталынын "Соңку кабар" бөлүмүнө биринчилерден болуп чыгып, коомчулук арасында кызуу талкууга алынды. Айрым интернет колдонуучулары “Ишкерди колдогондун ордуна “карасы”, УКМКсы тоноп жатса кайдагы адилеттүүлүк?” десе, айрымдары “бизде мыйзам иштебейт, ишкер болуу үчүн алгач “доля” бериш керек” деп жазышты. Ал эми УКМК кабарга жооп катары “Замир Жолболдуев убактылуу кызматтан алынды. Учурда кызматтык иликтөө жүрүүдө” деп билдирүү таратты. Ички иштер министрлиги болсо эки тарап тең арыз жазганын жана окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирген.

Окуя тууралуу кабарды биринчилерден болуп SUPER.KG порталына жөнөткөн окурман 26 жаштагы Каныбек Маткалыков редакциялык кеңештин чечими менен “Элдик кабардын” сентябрь айындагы жеңүүчүсү деп табылды. Окурманды жеңиши менен куттуктоо үчүн байланышка чыктык.

- Саламатсызбы, сиз жөнөткөн кабарыңыз менен сентябрь айынын жеңүүчүсү деп табылдыңыз, куттуктайбыз!

- Чоң рахмат! Чынында, күткөн эмес элем. Азыр да ишенип-ишенбей турам.

- Окуя тууралуу айтсаңыз, кандайча күбө болуп, "Элдик кабарга" жөнөтүп калдыңыз?

- Ал бала бизге тууган болот. Окуя болгон түнү эле ооруканага баргам. Мен дайыма SUPER.KG порталына кирип, кабар окуп турам. Мындан уламбы, айтор, дароо оюма "Элдик кабар" келди. Алгач смартфон утуп алам деген ой жок болчу. Болгону окуянын коомчулукка чыгып, тергөөнүн калыс жүрүшүн каалагам. Сиздерге рахмат. Кабар чыккан соң башка маалымат каражаттары да жаза башташты. Ошондон кийин Зарылбек Маткалыковго телефон чалып, кысым көрсөткөндөр токтоду. Кабар чыккандан кийин бирөө “смартфон кетти” деп комментарий калтырып кетиптир, ошондо гана билдим жеңүүчүгө телефон берилерин. Окуя аз убакыттын ичинде эле коомчулукка чыгып кеткенинен, балким, телефон утуп калам деп үмүт кылып койгом.

- Болуп өткөн окуядан кийин сизге кандай ойлор келди?

- Ичимден "таанышың болсо бизнес кылыш керек, таанышың жок болсо мигрант болуш керек экен" деп ойлоп койдум. Менде да жакшы ойлор бар эле, долбоор жазып, чакан ишкана ачсам деген, бирок окуядан кийин ойлонуп калдым. Ооруканада тууганыма “абалың жакшы” деген жүйө менен корутунду жазып бербей коюшту. Дарыгерлер да УКМКдан коркушту окшойт. Албетте, мындай көрүнүш улана берсе, эч ким ишкердүүлүк менен алектенбей калат. Буга мамлекет жетекчилери тарабынан тиешелүү чара көрүлүш керек, анткени мамлекеттин өнүгүп-өсүшүнө да ишкерлер чоң салым кошушат.

"Элдик кабардын" жеңүүчүсү Каныбек Маткалыков учурда Кызыл-Кыя шаарында болгондуктан, смартфонду окурмандын Бишкектеги карындашы Айгерим Маткалыкова алып кетти.

"ЭЛДИК КАБАР" өлкөнүн жарандары менен бийлик бутактарынын ортосунда көпүрөлүк кызматты аткарып, бир топ көйгөйдүн чечилишине салымын кошту. Окурмандардын саны улам артып, "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp жана Viber аркылуу +996 557 47-39-39 номерине кабар жөнөтүүнү улантышууда. Турмуштук көйгөйлөр: бийлик органдарынын шалаакылыгы, адам өмүрүнө коркунуч жараткан имараттар жана кулаганы калган дарактар, бузулган жолдор, шаардын жарыксыз көчөлөрү тууралуу маалыматтарын окурмандар биз менен бөлүшүү үстүндө. SUPER.KG порталы алардын көйгөйүн жана жакшы жаңылыктарын чагылдырууну мындан ары да уланта бермекчи.

"Элдик кабардын" буга чейинки жеңүүчүлөрү:

2015-жыл, апрель - Чынберди Жанышов (Жалал-Абад облусу, Сузак району).
2015-жыл, май - Сабира Казамбекова (Ош облусу, Ош шаары).
2015-жыл, июнь - Алина Мустапакул кызы (Баткен облусу, Кадамжай району).
2015-жыл, июль - Байысбек Жеңишбек уулу (Нарын облусу, Ак-Талаа району).
2015-жыл, август - Толгонай Таалайбек кызы (Бишкек шаары).
2015-жыл, сентябрь - Нурсултан Токтосунов (Ош облусу, Ош шаары).
2015-жыл, октябрь - Куттубек Абдуллаев (Ош облусу, Ош шаары).
2015-жыл, ноябрь - Асылбек Мадалиев (Баткен облусу, Кадамжай району).
2015-жыл, декабрь - Рустамбек Эгембердиев (Баткен облусу, Лейлек району).
2016-жыл, январь - Бектур Эшимбетов (Бишкек шаары).
2016-жыл, февраль - Жыргалбек Шерматов (Баткен облусу, Кадамжай району).
2016-жыл, март - Кубат уулу Азим (Бишкек шаары).
2016-жыл, апрель - Роза Кадыркулова (Бишкек шаары).
2016-жыл, май - Астра Токталиева (Бишкек шаары).
2016-жыл, июнь - Калыгул Бейшекеев (Бишкек шаары).
2016-жыл, июль - Айтмат Абдуллаев (Ош шаары).
2016-жыл, август - Кубан Сейдилда уулу (Нарын облусу, Ат-Башы району).
"Элдик кабардын" 18-жеңүүчүсү аныкталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
isnur93
2016-10-03 17:42:03
Болунбо кыргыз болунбо!
+4
kg_bala_
2016-10-03 20:13:35
УКМК бул жигитти террорис деп атып салбаса болду азыр жашоого ишениш кыйын
+2
ilgis1991
2016-10-03 21:20:41
Фрунзе 777 не болду?тынччылыкпы?
0
frunze777
2016-10-04 00:20:03
Сыйлыкка татыктуу бир канча элдик кабар турганда сомнительный "жабырлануучу"-ишкердин тууганына смартфон беруу туура эмес. Азыр ойлоп корсом тиги УКМК жетекчиси менен тирешип-чырдашкан ишкер разборканын уландысы катары бир нече маалымат каражатына кайрылып озун жертва же жабырлануучу катары корсоткусу келген. Опузалоо максатында колдонгон травматикалык тапанчасы тууралуу окуяны жашырып койгон. Ал суперди "пайдаланып" бир тараптуу маалымат бершен тууганы женуучу аталганы туура
0
abusait
2016-10-04 05:22:32
Дарыгерлерге тушунбой калдым. Корутунду созсуз болуш керек элего. Эмнеге коркушат? Алардын да ишин иликтеш керек деп ойлойм. Мындайда адилеттуулук болду деп айтуу кыйынго... .
+2
Abdurahman
2016-10-04 08:22:34
"Элдик кабардын" жеңүүчүсү Каныбек Маткалыковго УКМКнын балдары кысым корсотпосо болду эми. Сен айтпасан биз мынчалык хит болуп ит болбойт элек деп
+2
alina79
2016-11-02 00:24:43
Abdurahman,эмнеге мынча тигилердин "отуна май тамызып" жатасын?А мумкун андай дешпейт,кайра аларга ушуинткиле дегендей кылып жатасында?!
0
erikkarakulja
2016-10-31 20:41:42
Блиин жокк дегенде пример министр болуп калганымда барбы мындай нерселерди тушкода киргизбейт элем
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан