Өмүр сакчылары күч сынашты

14-октябрда өлкөбүздөгү тоо-кен куткаруучуларынын ортосунда жыл сайын өткөрүлүүчү 16-мелдеш болуп өттү. Ага ӨКМ менен "Кыргыз алтындан" бирден команда, “Кумтөрдөн”, кен аймагындагы "Кумтөр-1", "Кумтөр-2" жана компаниянын Балыкчы шаарындагы өткөөл базасынан "Балыкчы" командалары катышты.

Мелдеш ӨКМнын Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун машыгуу талаасында өттү. Тоо-кен куткаруучуларынын республикалык мелдеши кичи Олимпиадага тете жана ага жыл бою камданышат. Куткаруучуларды даярдоочу борбордун жетекчисинин орун басары Камчыбек Айтымбетов: "Оюн тапшырмалары бизде иштелип чыгат жана тараптар менен макулдашылат. Баары татаал, анткени жумуш учурунда кырдаал канчалык татаал болбосун, куткаруучу тапшырманы так аткарууга милдеттүү", - дейт.

Оюн үч этаптан туруп, алгачкы тилкеде легенда боюнча жарылуудан пайда болгон аммиак сакталуучу резервуардын тешигин бүтөө, жер алдында түтүндө калган адамдарды куткаруу жана баалуу жүктү чыгаруу каралган. Мында газ жана өрткө каршы атайын кийимдер, жабдуулар менен иштөө оюнчуларга кошумча оорчулук жаратты. Ал эми жерде жаткан жабырлануучуга төрт кабаттуу имараттан төмөн түшүп, аны үчүнчү кабатка көтөрүп чыгарып, керме тростор аркылуу экинчи имаратка жеткирүү экинчи тилкеде орун алды. Бул тапшырманы аткарууга негизинен 1 саат каралса, буга "Кумтөр-2" командасы 55 мүнөт сарптап, ыкчамдыгын көрсөттү. Үчүнчү тилкедеги лабиринтте атайын жабдуулардын жардамы менен темир тосмолорду кесип, бетондорун тешип куткаруу иштерин аткарышты. Анын ичи кууш болгондуктан, бирден сойлоп өтүү жана жабдууларды ташуу түйшүктүү иш болду, бирок ар бир тапшырманы кеч болсо да так аткаруу шарт. Атайын кийимдерди туура кийүүдөн тартып жабдуулар менен иштөө, жабырлануучуга биринчи жардамдарды көрсөтүү, бийиктикте өзүн алып жүрүү эрежелерине чейин калыстар көз салышты. Ар бир катага айыптар убакыт түрүндө белгиленген. Таймаш жыйынтыгында 1-орунду ӨКМнын командасы, 2-орунду "Кумтөр-1" жана 3-орунду "Балыкчы" командалары багындырышты. Алар эстелик кубоктору, медалдар менен сыйланып, бардык катышуучуларга жана калыстарга баалуу белектер ыйгарылды.

"Кумтөрдүн" Тоо-кен куткаруучулар кызматы кен ишканасынын ыктыярчы адистеринен 1998-жылы түптөлгөн. Ар бир кесипкөй өз каалоосу менен кошумча куткаруучу да боло алат. Андан сырткары “Кумтөрдүн” куткаруучулары ӨКМнын Куткаруучуларды даярдоо борборунда атайын окуулардан өтүп, мамлекеттик үлгүдөгү сертификаттарга ээ. "Кумтөрчүлөр" дүйнө өлкөлөрүнүн куткаруучулар корпусунун толук кандуу мүчөсү жана өзгөчө кырдаалдарда издөө-куткаруу иштерине катышууга расмий укуктуу.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
MES
2016-10-18 12:48:25
Молодец
-1
suymon
2016-10-18 19:13:04
Кумтор кумтор даже атын уккун келбейт .биздин олкодогу башка бироолордун жери.
+1
Luchik81
2016-10-19 10:41:53
suymon,
аты жакпайт, бирок акчасына пенсия, айлык-акы алган, 600 кыргыз ишканасы бизнесин жүргүзгөн жагат.
саясатта болсо тимеле Кумтөрсүз күн өтпөйт :)
тамаша.
Алтын кенди иштетип, куткаруучулукту да аркалап жүргөн мекендештерге тилектеш болууга чакырат элем.
Албетте, ар бир адам өз пикирне ээ.
+1
UlukmanKalyev
2016-10-19 09:02:21
Мелдешип жүрө бергиле. Кылаарга ишиңер калбаганго чамасы.
-1
Luchik81
2016-10-19 09:10:22
Ушундай машыккан үчүн өткөндө Кумтөрдө иштеген киши сууга түшүп кеткен адамдарды сактап калды да, азаматтар!
-1
baha123123
2016-10-19 09:38:13
А жакшы
0
sarbo
2016-10-19 12:38:32
анан эле чакырсан келбей коюшат, машыгып алышып. :)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан