КҮНСЕРЕП: Боинг кырсыгы: Айыл учак астында калды

Бүгүн, 16-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Таң эрте Кыргыз жергесин суук кабар силкинтип өттү. Гонконгдон Стамбулга бет алган Боинг 747-400F жүк ташуучу учагы Бишкектеги "Манас" Эл аралык аба майданына күйүүчү май куюу үчүн конмокчу болуп, ага жетпей Курулуш башкармалыгынын дачалары (Дачи СУ) айылына кулап түштү. Кырсыктан экипаждын 4 мүчөсү жана азыркы учурга алганда айылдын 40ка чукул тургуну каза тапты. Булардын 13ү балдар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Боинг 23 турак жайды сүрүп кетти. Оор кырсыктан аман калып, ар кандай жаракат алган 13 жаран ооруканаларга жеткирилди. Каза болгондордун саны мындан көбөйүшү мүмкүн, талкаланган турак жайдын урандыларынын алдын текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Алгач кулап түшкөн учак “Turkish Airlines” компаниясына таандык экени айтылган. Бирок аталган компания бул маалыматты төгүндөп, учак "myCARGO" жүк ташуучу компаниясынын учагы экенин белгилеп чыкты. Учактын кулашына Бишкектеги калың туман себепкер болушу мүмкүн экендиги айтылууда. Түркиялык ММКлардын маалыматына караганда, Боинг 13 жылдан бери колдонулуп келген. Акыркы ирет техникалык кароодон 2015-жылы өткөрүлгөндүгү, “Түрк аба жолдору” жүк жеткирүүгө "ACT Airlines" компаниясынан ижарага алганына 4 гана күн болгону белгилүү болду. Адистердин бир катары жүк ташуучу учактын кырсыкка кабылышына учактын бузулушу же учкучтардын катачылыгы дагы себеп болушу мүмкүн экенин белгилешүүдө. Анткени туман болгонуна карабай бул күнү 11 учак "Манас" Эл аралык аэропортуна ийгиликтүү конгон.

Бул эгемендүү Кыргыз мамлекетинин тарыхында көп сандаган адам өмүрүн алган биринчи учак кырсыгы эмес. Буга чейин 2008-жылы август айында "Itek Air" компаниясына таандык Боинг-737 учагы Жаңы-Жер айылына жакын жерге кулап түшүп, 90 жүргүнчүнүн 64ү көз жумган эле. Кырсыкка учкучтар күнөөлүү экени айтылып, алар 5 жылга эркинен ажыратылган болчу.

Президент Алмазбек Атамбаев учак кырсыгына байланыштуу өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алып, бир катар тапшырмаларды берди. Ошондой эле ал каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Бүгүн катталган кырсык боюнча Транспорттук прокуратура кылмыш ишин козгогону маалым болду. Кырсыктын келип чыгыш себептерин иликтөөгө Эл аралык авиация комитетинин адистери да тартылары белгиленди. Буга катар кырсыкты иликтөө үчүн өкмөттүк комиссия да түзүлдү. Каза тапкан жарандардын жакындарына компенсация төлөнөбү, ким тарабынан, жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн турак жайын ким калыбына келтирет, канча убакытта? Комиссиялар иликтеп, тактап, чечүүчү суроо жана маселе көп. Азыркы учурда кечиктирилбей жасалуучу иштер башка. Каза тапкан жарандардын аты-жөнүн тактоо, сөөктөрүн тууган-уруктарына өткөрүп берип, зыйнатын кылуу, жакындарынан айрылып, үй-жайсыз калгандарга тиешелүү кам көрүү. 17-январь Кыргыз жергесинде аза күтүү күнү деп жарыяланды...

Стамбул полициясы "Жаңы жыл түнүндө "Reina" түнкү клубунда эс алып жүргөндөрдү аткан террорчунун шериктери" деген шек менен Кытайдагы Уйгур автономдук аймагынын Синьцзян шаарынын тургундары Омар Асим жана Абульези Абдухамити аттуу эки адамды кармады. Түркиянын башкы прокурору алардын "Ислам мамлекети" менен байланышы бар экенин айткан. Буга чейин клубда 39 адамды атып салган кылмышкер өзбекстандык Абу Мухаммед Хорасан деген атты алып жүргөн Абдулгадир Машарипов аттуу жаран экендиги белгилүү болгон.

Кытайдын курамындагы Синцзянь-Уйгур автономдуу аймагынын калкынын саны 21 миллиондон ашуун. Кытай бийлиги аталган автономдуу районду тыкыр көзөмөлгө алып, кичинекей чыр-чатакты да аёосуз жазалап, басып турат. Себеби жергиликтүү элдин арасында шарияттын негизинде мамлекет курабыз деген экстремисттик топтор бар. Мунун өзү Борбордук Азия чөлкөмүнүн, анын ичинде Кыргыз жергесинин коопсуздугуна коркунуч келтирет. Кезинде Чыгыш Түркстан аталып жүргөн Синцзянь-Уйгур автономдуу району Кыргыз, Казак жергеси менен чектеш. 2014-жылдын 23-январында Кыргыз мамлекетинин аймагына Кытайдан куралчан топ бастырып кирип, Сары-Булак коругунда жайгашкан пунктта егерь Александр Барыкинди "Аллоху акбар" деген чакырык менен өлтүрүшкөнү белгилүү болгон. Бул топ уйгур сепаратисттери экени айтылып, Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, алар чек арачылар тарабынан жок кылынышкан. Ал эми 2016-жылдын август айында Бишкектеги Кытай элчилигинин дарбазасына Мицубиси Делика унаасы катуу ылдамдыкта сүзүп кирип, жарылган. Жан кечти-террорчу унаа менен кошо жарылып кетип, эки күзөт кызматкери жабыркаган. УКМКнын маалыматына караганда, өзүн жардырган жан кечти 1983-жылы туулган уйгур улутундагы Зоир Халилов болуп чыккан. Ал “Чыгыш Түркстан ислам кыймылы” эл аралык террордук уюмунун мүчөсү болгондугу аныкталган. Бул окуялар уйгур сепаратисттери Кыргыз мамлекети үчүн реалдуу коркунуч экенин көрсөтүп турат. Күч органдары үчүн Түркияда террорчуга шериктеш болгон деп кытайлык уйгурлардын кармалышы жөн эле алыстан келген кабар эмес, коопсуздук чараларын күчөтүүгө коңгуроо болушу керек...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан