Стамбулдагы түнкү клубда болгон теракттын катышуучулары кармалды

Стамбул полициясы Жаңы жыл майрамында "Reina" түнкү клубундагыларды аткан террорчунун жардамчылары делген эки адамды кармады. Бул тууралуу "Haberturk" телеканалы билдирди.

Басылманын маалыматы боюнча, кармалгандар Кытайдагы Уйгур автономдук аймагынын Синьцзян шаарынын тургундары Омар Асим жана Абульези Абдухамити. Алар Стамбулдун сотуна жеткирилишкен. Башкы прокурор алардын "Ислам мамлекети" менен байланышы бар экенин айткан. Буга чейин клубдагы атышууну өзбекстандык Абу Мухаммед Хорасан деген атты алып жүргөн Абдулгадир Машарипов уюштурганы жазылган. Полиция берген маалымат боюнча, Машарипов 180 ок чыгарган. Андан соң ашканага барып 13 мүнөттө башка кийим кийип, дүрбөлөңгө түшкөн адамдар менен имараттан чыгып кеткен. Такси кызматынын жардамы менен коңшу районго жетип, айдоочуга акчасы жок экенин айтып чыгып кеткен. Ал акчасын ашканага таштап койгон күрмөсүнө унутканы белгилүү болду. Басылмалардын маалыматы боюнча, такси кызматынын айдоочусунун жардамы менен террорчунун өздүгүн такташкан.

Абдулгадир Машарипов 1988-жылы Конья шаарында туулган. Теракт үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Alaikuu_Kan-Korgon
2017-01-16 12:57:43
Кыргызстандык деп билип билбейле айтыптырда журнасттери туркторун. Урдуруп эле.
0
Mirzohidjon
2017-01-16 15:07:03
Ошондо террорист Озбекстандыкбы же Синцзяндыкпы тушунбой калдым?
+1
Attila88
2017-01-16 16:34:15
Игил тобу бул дуйноодо ото коп куноого батып жатат.мусулмандарды жаман аттуу кылып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан