Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун фондунан Боинг 747 үлгүсүндөгү учак кырсыгынан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 80 миң сомдон материалдык жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, 16-январда таңга маал "Манас" аэропортуна жакын жерге Боинг 747 учагы кулаган. Жүк ташуучу учак үйлөрдүн үстүнө түшүп, ондогон адамдардын өмүрүн алды. Акыркы маалыматтар боюнча каза тапкандардын саны 38ге жетти. Ооруканада жаткандар дагы бар. Факт боюнча Транспорттук прокуратура кылмыш ишин козгоп, УКМК менен ИИМ иликтөө жүргүзүүдө. Кырсыкты Мамлекеттер аралык авиация комитети иликтейт.
Бүгүн, 17-январь - өлкөдө аза күтүү күнү.