Актёр Азиз Мурадиллаев учурда Стамбулдагы ооруканалардын биринде анализдерин тапшырууда. Бул тууралуу SUPER.KG`ге актёрдун жубайы Эльвира Жумалиева билдирди.
"Азиз учурда ооруканада анализдерин тапшырып жатат, себеби бул жактагы анализдер ал жакта жарабайт экен. Андыктан баарын кайрадан тапшырууда. Азырынча жыйынтыгы чыга элек. Баары толук бүткөндөн кийин анан операция жасалары белгилүү болот", - дейт Э.Жумалиева.
Белгилей кетсек, актёр 16-январь күнү таңга маал аталган өлкөгө авиакырсыктан улам учак учпай калган.