Балыкчы-Корумду жолун куруп жаткандарга эмгек акыларын төлөө боюнча иштер жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин директору Керимкул Бозалаев билдирди.
Анын айтымында, бул маселе эмки жумада чечилет.
“Балыкчы-Корумду жолун куруу боюнча бүгүнкү күндө эки тараптуу келишимдерге толук кол коюлду. Жалдоочу жана жалдануучулар менен аласа-бересе такталып чыкты. Азыркы күндө Каржы министрлиги менен сүйлөшүү жүргүзүлдү. Кийинки жумаларда жалдануучуларга эмгек акылары төлөнөт”, - деди ал.
Эске салсак, буга чейин аталган жолду куруп жаткандар эмгек акылары төлөнбөй жатканын билдиришкен.