Бүгүн, 14-февралда парламенттеги эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын 3 мамлекеттеги элчилик кызматына талапкерлерди сунуштоо маселеси жабык эшик артында каралууда.
Маалымат боюнча, Австрия Республикасына, Лихенштейн Княздыгына, Бириккен Араб эмиратына элчилик кызматына талапкер сунушталат. Жыйынга тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев катышууда.