Жогорку Кеңештин депутаты Музаффар Исаковго "коррупция" боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 14-февралда башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, М.Исаков 2010-2015-жылдары Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүн башкарып турган кезде райондук Мамкаттоо кызматынын жооптуу кызматкерлери менен биргеликте жер тилкелерин берүү жөнүндө токтом чыгарган. Ага ылайык айыл-чарбага багытталган 14,34 гектар жер турак жай курууга берилип кеткен.
Текшерүүнүн жүрүшүндө жарандар көрсөтүлгөн жер тилкелерин 1,5 миң доллардан 3 миң долларга чейинки баада сатып алышканын билдиришкен. Факты боюнча тийиштүү материалдар иликтөө үчүн УКМКга жиберилди.
Музаффар Исаков 2016-жылы июнь айында Ашэра Халикова мандатын тапшыргандан кийин КСДП фракциясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп келген.