2 айлык Данилдин өмүрүн сактап калуу үчүн Бишкектен Балыкчыга дарыгерлер жөнөтүлдү

Балыкчы шаарында төрөлгөн 2 айлык Данил учурда оор абалда жандандыруу бөлүмүндө. Аталган шаардын ооруканасында жасалма дем алдыруу боюнча аппараттар бирде иштеп, бирде иштебей жатат. Туугандары тиешелүү жактарга бир нече жолу чалган соӊ гана Саламаттыкты сактоо министри бул маселени көзөмөлгө алганын билдирген.

Бул тууралуу SUPER.KG`ге бүгүн, 17-февралда Данилдин атасы Самат Жумадылов билдирди.

"Данилдин абалы оор. Учурда Балыкчыдагы ооруканада жасалма дем алдыруу аппаратында жатат. Же анысы да жакшы иштесечи, бир иштеп, бирде иштебейт. Ар кайсы жакка жардам сурап чалып жаттык, ана-мына деп телефондорун өчүрүп, эми бүгүн кыймылдай башташты.

Азыр саат 12 болду, бирок дагы деле Бишкектен келчү дарыгерлер келише элек. Колубуздан эч нерсе келбейт. Андыктан бир гана Кудайдан жакшы болуп кетишин тилеп отурабыз".

Белгилей кетсек, аталган министрликтин басма сөз кызматы пневмониянын (өпкөнүн кагынышы) оор түрү менен ооруган 2 айлык наристенин өмүрүн сактап калуу үчүн Бишкектен "Тез жардам" көрсөтүү кызматы дарыгерлери менен Балыкчыга жөнөтүлгөнүн билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Izdeim_seni.
2017-02-17 17:05:54
Айыгып кет ,наристе.
+2
Abubakir05
2017-02-18 07:59:15
Жогору жактагылар оздору иштебейт жарытып дагы район айылдарга текшерип барганы тойгозот жаз келди дагы башталат текшерууну шылтоолоп жайлоолорго чыгып.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан