Бүгүн, 24-февралда Бишкектеги Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жанында митинг өтөт. Бул тууралуу активист Адил Турдукулов билдирди.
Анын айтымында, нааразычылык акция саат 13:00дө башталмакчы. "Митингдин максаты - мамлекеттик ММКлардын оппозицияны каралоосуна жана оппозиция өкүлдөрүн куугунтукка алууга каршылык көрсөтүү. Бул иш-чара 28-мартта КТРКнын жанында өтө турган митингге даярдануу деп эсептесек болот", - дейт активист.
Айта кетсек, бүгүн саат 11:00дө УКМКнын сурагына Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутаты Алмамбет Шыкмаматов бармакчы. Эл өкүлү коррупция жана кызматтык жасалмалуулук боюнча айыпталууда. Шыкмаматов бул иш тууралуу: "Бул нерсенин мотиви кылмыштуулук менен күрөшүү эмес, саясий оппоненттердин оозун басуу. Мында УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев кызыкдар болду", - деп айткан.