КҮНСЕРЕП: Парламент Текебаевден жүз буруп кетти

Бүгүн, 27-февраль. Күн ичинде болгон окуяларга сарасеп салабыз.

Кыргыз Республикасы кайрадан дүйнөлүк басылмалардын жаңылыктар бетинде. Өмүрбек Текебаевдин УКМК тарабынан кармалып, 2 суткага камакка алынышын “Нью-Йорк Таймс” басылмасы “кыргыз оппозициясынын лидери президенттик шайлоо кампаниясынын алдында кармалды”, - деп жазып чыкты. Бул өңдүү кабарларды Рейтерс, Ассошиэйтед Пресс, Немис толкуну, Хаберлер өңдүү дүйнөлүк маалымат агенттиктери жазууда. Текебаевди бошотууну талап кылган митинг кечээ 1000ге чукул адамдын катышуусунда УКМКнын имаратынын алдында өтсө, бүгүн "Ала-Тоо" аянтында өтүп, андан ары “Ак үйдүн” алдына көчтү. Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Равшан Жээнбеков, Аликбек Жекшенкулов, Чолпон Жакупова, Асия Сасыкбаева, Эльмира Ибраимова, Турсунбек Акун өңдүү саясатчы, коомдук ишмер, укук коргоочулар оппозиция лидерин колдоп митингге келип, интернеттеги социалдык тармактар, ММКлар аркылуу кайрылуу жасашууда. Кечээ 2010-жылдагы Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, мурунку өкмөт башчы Темир Сариев өлкө президенти Алмазбек Атамбаевди Текебаевге байланыштуу иштерде мыйзамдуулуктун сакталышын камсыз кылууга чакырып, кайрылуу жолдогон. Бүгүн Роза Отунбаева жалпы кыргыз элине, оппозиция өкүлдөрүнө Текебаевди коргоп калуу боюнча кайрылуу жолдоп, биригүүгө чакырды. Текебаевдин камакка алынышы саясат айдыңынан сүрүлүп калган бир топ саясатчыларга өзүнүн бар экенин билдирүүгө жакшы мүмкүнчүлүк да түзүп берүүдө.

Чуулгандуу сот иштеринде башкы фигурант болгон, репутациясы күмөндүү чет өлкөлүк жарандын сөзүнө таянуу менен гана кылмыш ишин ачып, 3 автобус милиция кызматкерлери менен камалап барып, траптан түшүрбөй кармап кетүү – күч түзүмдөрүнүн одоно катасы, чектен чыккандыгы... Кечээ Текебаевдин кармалуусу боюнча ушундай мүнөздөгү комментарийлер айтылып жаткан. Бүгүн Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков фракция лидерлери менен бирге жыйын өткөрүп, ага УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев чакырылды. Ал Текебаев орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде гана кармалбаганын, аны кармоого жети негиз болгонун айтты. Тергөө кызыкчылыгына туура келбейт деп Сегизбаев ал себептер боюнча маалымат бербеди. УКМКнын башчысы коюлган айып далилденерине ишенген абалда. “Ата Мекендин” лидери кармалган күнү эле Леонид Маевский менен көзмө-көз беттештирүү уюштурулганына караганда атайын кызмат бул операцияга жакшы даярдык менен киришкен. Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди 2 айга камакка алуу чечимин кабыл алды.

КСДПчы депутат Жанар Акаев менен “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын чакырып, абалды ачык-айкын талкуулоо керек деп демилге көтөрүшкөн. УКМКнын алдында кечээ өткөн митингде парламент депутаты Каныбек Иманалиев дагы кезексиз жыйын чогултабыз деп ишенимдүү айткан эле. Бирок ал аракет ишке ашпады. Жогорку Кеңештеги 6 фракциянын ичинен экөө гана “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” колдоп, калганы колдоого алышкан жок. Депутат Бакыт Төрөбаевдин “түзүлгөн кырдаалды депутаттар ачык-айкын талкууга алышы керек. Талкуулар парламент трибунасында өткөнү туура. Болбосо саясий тиреш көчөгө чыгып, радикалдуу мүнөзгө өтүп кетет”, - деп эскерткени көңүл буруусуз калды. Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттары Текебаевдин кармалышы боюнча кырдаалга комментарий берүүдөн да баш тартышууда. Кечээ оппозициялык блоктун лидерин колдоочулар милиция кызматкерлеринин катарын бузуп өтүп УКМКнын дарбазасын каккылоого аракет жасашса, бүгүн Базар-Коргон районунда Ош-Бишкек жолун тосууга аракет кылышты. Текебаевдин тарапташтарынын айтымында, митингдер талаптар аткарылгыча уланат. Ал ортодо Алмамбет Шыкмаматов кайрадан УКМКда сурак берип чыкты. Маалыматтарга караганда Аида Саляновага каршы дагы бир кылмыш иши козголуу алдында турат.

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев жообун көпкө күттүргөн жок. Ал бүгүн 2010-жылы 7-апрель окуясында каза тапкандардын туугандарынан түзүлгөн бирикмелердин өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда президент укук коргоо органдары баарын жөнгө саларына ишенерин айтты. “Бийликке күч менен басым кылуу аракети мыйзам бузгандарга жардам бербейт. Өлкөдө мындан ары кол тийгистер болбойт”, - деди.

Акыркы жарым жыл ичинде Атамбаевдик бийликти кескин сындап келе жаткан парламенттеги оппозиция лидеринин камакка алынышы президенттик шайлоо алдында турган Кыргыз мамлекети үчүн эмне алып келиши мүмкүн? Бүгүн митингге катышкандарды да катышпагандарды да бул суроо кызыктырып турган чагы. Саясат талдоочулардын ойлору боюнча бийликтеги топ ушундай жол менен президенттик жарышка старт берди. Өмүрбек Текебаевди улай бийлик алып чыккан талапкерге күчтүү атаандаш боло турган дагы бир топ саясатчыны оюн талаасынан сүрүп чыгарууга аракеттер болот деген жоромолдор айтылууда...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан