Алмазбек Атамбаев Текебаев боюнча: "Өлкөдө мындан ары кол тийгистер жок"

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 27-февралда "Мекен шейиттери", "Айкөл-Ала-Тоо", "Апрель байрагы" уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда өлкөдөгү саясий кырдаал талкууланды.

Президенттик аппаратка таянсак, уюм мүчөлөрү айрым саясатчылардын жоопкерчиликтен качуу аракетин сындап коррупция жана талап-тоноочулукка аралашкан адамдар Апрель баатырларынын атын жамынып жатышына жол берилбеши керектигин айтышкан.

Президент аларды мыйзамдуулукту сактоого чакырды.

"Укук коргоо органдары баарын жөнгө салат деп ишенем. Бийликке күч ыкмасы менен басым кылуу аракети аларга жардам бербейт. Өлкөдө мындан ары кол тийгистер жок. Бул бийликтин бардык бутактарынын азыркы жана мурунку жетекчилерине тийиштүү. Ал эми өлкөнүн келечеги үчүн баатырдык менен каза тапкандардын артынан 7-апрелден кийин өлкө жетекчилигине келгендер эл алдында эки эсе жооптуу", - деди Атамбаев.

Белгилей кетсек, Ак үйдүн жанында бүгүн депутат Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары митинг өткөрүүнү көздөөдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан