УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев Жогорку Кеңешке келди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Абдил Сегизбаев Жогорку Кеңешке келди. Учурда ал спикердин иш бөлмөсүндө фракция лидерлери менен Өмүрбек Текебаев тууралуу маселени талкуусуна катышууда.

Учурда Иса Өмүркулов (КСДПнын лидери), Алтынбек Сулайманов ("Бир бол"), Бакыт Төрөбаев ("Өнүгүү-Прогресс"), Өмүрбек Бабанов ("Республика - Ата Журт"), Алмазбек Баатырбеков ("Кыргызстан") бар. Бул талкууда "Ата Мекен" фракциясынын атынан Алмамбет Шыкмаматов бар.

Айта кетсек, 25-февралда Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Кылмыш иштин ачылышына орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин билдирүүсү себеп болгону айтылган. Л.Маевский 2010-жылы "Альфа Телекомду" башкаруу укугуна ээ болуу үчүн ошол учурдагы убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары, учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевге 1 миллион доллар бергенин билдирген. Ө.Текебаев Венада ЕККУнун парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынына катышып Кыргыз жерине Стамбул аркылуу учуп келген. Ал учактан түшөрү менен УКМК кызматкерлери депутатты кармап кетишкен. Текебаев 48 саатка УКМКга камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан