Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов УКМКга суракка кирди

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов УКМКга суракка кирди. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда "Ата Мекен" партиясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Шыкмаматов жактоочусу менен бирге УКМКнын имаратына саат 15:00дө кирип кеткен.

Эскерте кетсек, 17-февралда Алмамбет Шыкмаматовго "коррупция", "кызматтык жасалмалуулук" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Материалдарга караганда, 2011-жылы 20-сентябрда Эсептөө палатасынын төрагасы С.Молдокулов кызматтык унааларды сатып алуу боюнча комиссия түзүүгө буйрук чыгарган. Комиссияны Ж.Иманалиев жетектеген. Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн арасында атайын дайындалган адистердин бири А.Шыкмаматов да болгон. Бирок тендер өткөрүлбөй эле кызматкерлер өздөрү унааларды сатып алышканы аныкталган.

24-февралда Шыкмаматов УКМКга чакырылып, 9 сааттан ашуун убакытка суракка алынган. УКМКдан чыккан соң ал "Мен өзүмдүн күнөөлүү эмес экенимди мыйзам чегинде далилдейм" деп айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан