"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Исфана-Сүлүктү жолуна түшкөн жер көчкү бүгүн тазаланат

10-апрелде окурман Исфана-Сүлүктү жолуна түшкөн жер көчкүнүн тазаланбаганы ыңгайсыздык жаратып жатканын "Элдик кабар" рубрикасына кабарлаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, анын көлөмү болжол менен 10 миң метр куб.

"9-апрелде саат 10:55 чамасында №13-жол тейлөө ишканасынын балансындагы Исфана-Сүлүктү унаа жолунун 14-чакырымына жер көчкү түшүп, унаа жолду жаап калган. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. 11-апрель күнү жер көчкү түшкөн жерге Транспорт жана жолдор министрлигинин тийиштүү адистери барып көрүшкөн. Жолду калыбына келтирүү иштери 12-апрель күнү “Синьдзян бейсин” жол куруу компаниясы тарабынан жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Ал үчүн 2 экскаватор, 1 жүктөгүч жана 1 грейдер тартылат.

Исфана-Сүлүктү жолундагы жер көчкү дагы да тазаланбай жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан